"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Ысык-Көлдүн 6 бүтүрүүчүсү Президенттин сыйлыгына татыды

26 Июль 2026 жыл 13:08
Көрүүлөрдүн саны: 4

Бишкек, 21-июль 2026-жыл. Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча “Алтын сертификатка” татыктуу болгон жана эң жогорку көрсөткүчтөрдү камсыздаган республикадагы 76 бүтүрүүчүгө Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан баалуу белектер жана “Кыргыз Республикасынын Президентинин сыймыгы” сертификаты тапшырылды.

Сыйлыктарды расмий иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды.

Ысык-Көл облусунан жалпы 6 бүтүрүүчү жогорку жетишкендиктери үчүн сыйланды. Алардын төртөө Каракол шаарындагы «Ломоносов» мектебинин бүтүрүүчүлөрү болду.

Алар:

* Мурадуллаева Согдиана – “Алтын сертификат”, 232 балл;

* Жыргалова Бегимай – “Алтын сертификат”, 230 балл;

* Турсункожоева Айбике – “Алтын сертификат”, 230 балл;

* Бектенова Перизат – 226 балл.

ЖРТдагы мындай ийгиликтер окуучулардын талыкпаган эмгегинин, ата-энелердин колдоосунун жана мугалимдердин үзүрлүү ишинин жыйынтыгы болуп саналат.

Ысык-Көл облусунун билим берүү коомчулугу жогорку көрсөткүчкө жетишкен бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, алардын келечектеги окуусуна жана кесиптик жолуна ийгиликтерди каалайт. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү даярдаган мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, чыгармачылык ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди тилейт.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров