2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Түп районунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарынын аткарылышын камсыздоо максатында мониторинг иштери жүргүзүлдү.

Мониторинг «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26 жана 31-беренелеринин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө алкагында өткөрүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесине ылайык 6 эскертүү протоколу түзүлдү.
Мындан тышкары, мыйзам талаптарына жооп бербеген 12 көрнөк-жарнак (плакат) алынып салынды.

Тиешелүү кызматтар мамлекеттик тил боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин улантып, мекеме-ишканаларды жана ишкерлерди көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тил мыйзамдарына ылайык жайгаштырууга чакырат.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров