"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Ысык-Көлдө 3 баллдык жер титирөө катталды

6 Август 2026 жыл 9:58
Көрүүлөрдүн саны: 7

Бүгүн таңкы саат 07:05те Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Эңилчек айылынан 9 чакырым батышта жана Каракол шаарынан 68 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөө Эңилчек айылында 2,5 баллга, ал эми Кургак айылында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат катталган жок.
Даярдаган; Мадина Үсөнова