Бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Түп районунда майрамдык салтанат өттү. Иш-чара Түп айыл аймагындагы «Ак кайың» эс алуу багында уюштурулду.
Салтанатка Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Тимур Мадяров жана Түп айыл аймагынын башчысы Урмат Бозгунов катышып, райондун тургундарын жана майрамдын катышуучуларын Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты.

Куттуктоо сөздөрүндө өлкөнүн 35 жыл ичинде басып өткөн жолу белгиленип, Кыргызстандын мындан ары да өнүгүп, гүлдөп, дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулушуна тилектештиктерин билдиришти.
Мындан тышкары, өлкөнүн жана райондун өнүгүшүнө салым кошкон эмгек алдыңкыларына сыйлыктар тапшырылды. Аларга Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жана Түп айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу», «Кадырман эмгек каарманы» наамдары ыйгарылып, «Ардак грамоталары» жана «Ыраазычылык каттары» тапшырылды.
Майрамдык салтанат Түп райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү ырчылар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

«Ак кайың» эс алуу багында жаңырган ыр-күүлөр майрамдын шаңын арттырып, Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын белгилеген салтанатка өзгөчө көрк кошту.
Даярдаган: Муратбек Жумакадыров