"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түптө мектептер арасындагы рейтингде М.Элебаев атындагы мектеп баш байгени жеңип алды

12 Октябрь 2026 жыл 11:05
Көрүүлөрдүн саны: 37

2026-жылдын 9-октябрында Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Мугалимдер күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чарада билим берүү тармагындагы жетишкендиктер жыйынтыкталып, үзүрлүү эмгектенген мугалимдер менен тарбиячылар сыйланды.

Салтанатты Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сейит Абдылдаев ачып, райондун билим берүү тармагындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берилгенден кийин район акими Тимур Мадяров мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз ишинде өзгөчөлөнгөн билим берүү кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Түп райондук мамлекеттик администрациясынын «Кадырлуу эмгек каарманы» наамына Кадырбек Жээнбаев жана Токторбек Бегалиев, ал эми «Эл сыймыгы» наамына Адина Абдылдаева татыктуу болушту. Мындан тышкары, сегиз билим берүү кызматкери райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине 13 мугалим ээ болду. Ошондой эле жети мугалим, бала бакчанын башчысы жана китепканачы министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

2025–2026-окуу жылындагы «Жылдын мыкты мугалими» республикалык сынагында жогорку кесиптик чеберчилигин көрсөткөндүгү үчүн Түп районундагы Ж. Асаналиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими Турар Абдахманов жана Ж. Мукамбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин англис тили мугалими Асель Болотбаева министрликтин атайын сыйлыгына ээ болушту.

Мектептердин рейтингинде М.Элебаев атындагы мектеп биринчи орунду ээледи. 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча мектептер арасында өткөрүлгөн рейтингде биринчи орунду жана баш байге — «Пеликанды» М.Элебаев атындагы мектеп (директору Чолпон Бейшембиева) жеңип алды.

Экинчи орун А. Сопиев атындагы мектепке (директору Алик Мамытов), үчүнчү орун Ж. Мукамбаев атындагы мектепке (директору Эрнис Шабданов) ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө ыраазычылык каттар менен бирге профсоюз уюму тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ал эми бала бакчалар арасындагы рейтингде Түп айылындагы «Келечек» бала бакчасы биринчи орунга чыкты.

Мындан тышкары, айыл аймактарынын башчылары өз аймактарында эмгектенген мугалимдерге сыйлыктарды тапшырышты.

Салтанаттын жүрүшүндө мугалимдерге арналган ыр-бийлер тартууланып, майрамдык маанай жаралды.

Даярдаган: Муратбек Жумакадыров