"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында жаш балдарды спортко тартуу максатында күрөш залы ачылды

25 Октябрь 2026 жыл 21:28
Көрүүлөрдүн саны: 22

Айылда жаш муундун ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана келечектеги чемпиондорду тарбиялоо максатында күрөш залы пайдаланууга берилди. Залдын курулушуна жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары колдоо көрсөтүшкөн. Эми жаш спортчулар үчүн машыгууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.


Грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучуТилекмат Атагулов:”Айылдагы күрөш спортуна болгон кызыгуу мындан бир нече жыл мурун эле башталган. Алгач спортчулар мектептин жер төлөсүндө жайгашкан чакан залда машыгып келишкен. Ал жерде 3–4 жыл бою машыгуулар өткөрүлгөн. Кийин мектептин директору Мамытов Алик агай спортчуларга мектептин бир бөлмөсүн бөлүп берип, машыгууга шарт түзүп берген. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Алик агайга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Убакыттын өтүшү менен спортчулардын саны көбөйүп, машыгуу үчүн атайын зал куруу зарылдыгы жаралган. Бул демилгени мурдагы айыл өкмөт башчысы Кайыков Курманбек Жазыбаевич колдоп, Кожоев Мирбек Көкүлбаевич менен биргеликте сунушту ишке ашыруу үчүн аракет кылышты. Натыйжада күрөш залын куруу планы түзүлүп, долбоор ишке ашырылды. Залды ачууга даярдык көрүү жана аны ишке ашыруу үчүн төрт жыл убакыт кетти. Бул иште мурдагы айыл өкмөт башчысы Кайыков Курманбек Жазыбаевич, Кожоев Мирбек Көкүлбаевич жана айыл башчысы Байсариев Рыскелди чоң жардам көрсөтүштү. Жаңы күрөш залы балдардын сапаттуу машыгуусуна ылайыкталган. Негизги максатыбыз — жаштарды спортко тартуу, алардын ден соолугун чыңдоо, тартипке үйрөтүү жана күрөш спортуна болгон кызыгуусун арттыруу. Келечекте бул залдан Азиянын жана дүйнөнүн чемпиондору чыгаарына ишенебиз. Буга чейин да көптөгөн ийгиликтердм жаратып келгенбиз. Алдыда бир катар мелдештерге катышуу пландарыбыз бар. Бул мелдештер жаш балдардын тажрыйбасын арттырып, спорттук чеберчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Эми жаш спортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, келечектеги ийгиликтерге жол салынды”
— деп билдирди.

 

Даярдаган: Диана Жайлобаева