"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түптө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара өттү

7 Ноябрь 2026 жыл 21:54
Көрүүлөрдүн саны: 8

Иш-чараны М. Элебаев атындагы Түп райондук китепкананын жамааты (жетекчиси Нурайым Мелисова) уюштурду.

Ага Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Нуржан Алапаева, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Мирбек Баркалбасов, Түп райондук коммунисттик партиясынын катчысы Замир Батырканов баштаган коммунисттер жана мектеп окуучулары катышты.

Иш-чара бир мүнөттүк унчукпай туруу менен тарыхта калган инсандарды жана улуттун башынан өткөн оор окуяларда курман болгондорду эскерүү менен башталды.

Катышуучулар кыргыз элинин тарыхындагы маанилүү жана кайгылуу окуяларга токтолушту. Анын ичинде 1916-жылдагы Үркүн, совет мезгилиндеги саясий куугунтук, сүргүн жана массалык репрессиялар, 1938-жылы 137 чыгаан инсандын атылышы, ошондой эле эгемендик жылдарында өлкөнүн бүтүндүгүн коргоодо курман болгон жаштардын эрдиги эскерилди.

Мындан тышкары, «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнүнө арналган слайд көрсөтүлүп, өткөн тарых, улуттук эс-тутум жана келечек муундун алдындагы жоопкерчилик тууралуу ойлор айтылды.

Иш-чаранын негизги максаты — тарыхый окуяларды унутта калтырбоо, ата-бабалардын эрдигин урматтоо жана жаш муунга тарыхый эс-тутумду жеткирүү.
Даярдаган: Муратбек Жумакадыров