"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Гурттан мектепке карай жол: мигранттардын демилгеси менен көпүрө курулган

11 Ноябрь 2026 жыл 18:06
Көрүүлөрдүн саны: 5

Алыста жүрсө да, туулган жеринин көйгөйүнө кайдыгер карабаган мекендештердин демилгеси 2020-жылы окуучулар үчүн маанилүү маселени чечкен.


Түп районундагы Тасма айылынан болжол менен 2 чакырымдан ашык аралыкта жайгашкан Гурт аймагында жашаган окуучулар үчүн мектепке каттап келүү 2020-жылга чейин бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Айрыкча, жол шарттары ыңгайсыз болгон учурда балдардын мектепке жетүүсү оорчулук туудуруп, ата-энелерди да түйшөлткөн.

Бул көйгөйдү чечүү максатында Россияда эмгектенип жүргөн Тасма айылынын жигиттери демилге көтөрүп, көпүрө куруу чечимине келишкен. Алар өз ара каражат чогултуп, биргелешкен аракеттин натыйжасында 2020-жылы көпүрө куруу ишин жүзөгө ашырышкан.

Көпүрөнүн курулуш иштерин Талайбек уулу Темирбек менен Шаршенов Адилет аткарышкан.

Курулуш иштерине катышкан Талайбек уулу Темирбек ошол кездеги демилге жана көпүрөнүн курулуш тарыхы тууралуу эскерип берди.

— Темирбек, көпүрө куруу демилгеси кандайча көтөрүлгөн эле?

— Ал учурда Гурт аймагында жашаган окуучулар Тасма айылындагы мектепке каттап келүүдө бир топ кыйынчылыктарга туш болушчу. Балдардын мектепке жетүүсүн жеңилдетүү зарылдыгы бар болчу. Ошол көйгөйдү чечүү максатында Россияда иштеп жүргөн айылдаш жигиттерибиздин арасында көпүрө куруу демилгеси көтөрүлгөн. Баарыбыз бул сунушту колдоп, каражат чогултууга катышканбыз.

— Көпүрөнүн курулуш иштери кандай жүргүзүлгөн?

— Айылдаштарыбыз чогулткан каражаттын эсебинен көпүрө куруу иштерин баштаганбыз. Шаршенов Адилет экөөбүз курулуш иштерин аткарганбыз. Ар бирибиз колдон келген салымыбызды кошуп, элге керектүү ишти бүтүрүүгө аракет кылганбыз. Эң негизги максатыбыз — Гуртта жашаган балдардын мектепке каттоосун жеңилдетүү болчу.

— Көпүрө курулгандан кийин кандай өзгөрүүлөр болду?

— Көпүрө курулгандан кийин окуучулардын мектепке каттоосу кыйла жеңилдеген. Мурда жол маселесинен улам кыйынчылыктар жаралса, эми балдар мектепке кыйналбай барып-келүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Бул иштин эң чоң жыйынтыгы ушул болду деп ойлойм.

— Ошол кезде жасалган ишти бүгүн кандай баалайсыз?

— Адам кайсы жерде жүрбөсүн, туулуп-өскөн жеринин, элинин көйгөйүнө кайдыгер карабашы керек. Биз ошол учурда колубуздан келген жардамды берүүгө аракет кылганбыз. Бүгүнкү күндө көпүрөнүн окуучуларга кызмат кылып жатканын көрүү биз үчүн чоң кубаныч. Элге пайдасы тийген иш жасалганы маанилүү.

Биримдиктен жаралган сооптуу иш

2020-жылы Россияда эмгектенип жүргөн Тасма айылынын жигиттеринин демилгеси менен курулган көпүрө мекендештердин ынтымагын, туулган жерге болгон камкордугун жана коомдук жоопкерчилигин айгинелеген үлгүлүү иштердин бири болду.

Каражат чогултуп, бул демилгени колдогон мекендештерге, ошондой эле курулуш иштерин аткарган Талайбек уулу Темирбек менен Шаршенов Адилетке терең ыраазычылык билдирүүгө арзыйт.

Анткени алыста жүрүп да туулган жерине пайдасын тийгизүү — мекенчилдиктин эң жакшы үлгүлөрүнүн бири. Бир кезде көтөрүлгөн демилге бүгүнкү күндө окуучулардын билимге карай жолун жеңилдетип, эл үчүн жасалган эмгектин үзүрүн көрсөтүп келет.
Даярдаган: Амина Жеңишбекова