"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылынын окуучулары карылардан бата алышты

2 Октябрь 2020 жыл 15:54
Көрүүлөрдүн саны: 201

1-октябрь карылар күнүнө карата Тасма айылынын жаштары айылдагы кары адамдарга барып, көңүлдөрүн көтөрүп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен белек берип келишти. Айылда көп кары адамдар бар. Ага карабастан жаштар көп балдарды тарбиялаган, көп жыл эмгек кылган, эмгеги сиңген энелерге барып батасын алып келишти.

 

«Ысык-Көл жаштар клубу» коомдук бирикмесинин Түп филиалынын төрайымы жана Тасма айылынын лидери Аяна Жайлобаева:

«1-октябрь карылар күнүнө карата Түп районунун айылдары карылардын маанайын алыш үчүн акция уюштурдук. Бул акцияда биз дагы четте турбастан Карасаев айыл аймагынын Тасма айылы дагы иш чара өткөрдүк. Бул иш чаранын демөөрчүсү Дамира Мадемилова буга чейин дагы Нур FM ЖМБ нын демөөрчүсү болуп көптөгөн жардамдарды берип келет. Ошол эженин жардамы менен бизге дагы карылар күнүн өткөрүүгө да жеңил болду. Карыларга жакшы маанай тартууладык. Карыларга белек берип, батасын алып келдик».

 

Ысык- Көл облусунун журналисттери сертификат менен сыйланды
Аяна Жайлобаева, Кыял Токонаева