"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Карылар күнү: Тасмадагы 100 гө чыккан энелер

3 Октябрь 2020 жыл 0:19
Көрүүлөрдүн саны: 199

Бир кылым жашап, үч доорду көргөн энелерибиз жашоонун жакшы күндөрү, дөөлөттүү карылыктын баштарынан өткөрүшүүдө. Райондук жана облустук белектерди алып, карылар күнүн жакшы өткөрүп, батасын берип, келечектин жаштарына алкыш айтышты.

Энелердин баарлашып отурганы

100 жаштагы эне Бейшакан Ажыбек кызы:

«1920-жылкымын. Эки уул, эки кыздын энесимин. Небере чөбөрөлөрүм отуздан ашты. Кудай кут кылсын. Кыздардыкы, балдардыкы болуп небере чөбөрөлөрүм көп. Колхоз убагында биз иштебеген жумуш калган жок. Сакмалга бардык, чөп туурадык, биз кылбаган оокат калган жок. Силоз чаптык. Ушунун баары эле эмгек да. Мына бүгүн облустук телевидениеге чыгарабыз деп тартып кетти. Губернатор келет деп жатат, жаштарга кудайым ырыскы дөөлөт берсин».

100 жаштагы энебиз Бейшакан Ажыбек кызы

98 жаштагы Сатынбүбү Шаменова:

«Мен 1922-жылы Көөчү айылында төрөлгөм. 1945-жылы октябрда Кара-Суу деген айылга келин болуп келгем. Ал кезде Талды-Суу район болчу. Анан Тасмага көчүп келдик, келип мени Уй ферма кылып шайлап койду. Мурун бир аял бар экен орто жашаган, анан мага өткөрүп берди. Уй ферма болуп иштеп жүрүп, анан ушул айылда бир кыз бар эле анан мен ага өткөрүп бердим. Анткени менин боюмда болуп, ай күнүмө жеткенден кийин Салиман деген кызга өткөрүп бергем. Андан кийин ал кезде сүттү төкчүбүз. Аралда айылында завод бар болчу. Ошого бир кыз экөөбүз эки дөңгөлөктүү араба менен төкчүбүз. Ал кызда кийин каза болуп калды.

1958-жылга чейин Чымынды Сайда уй саадым. Азыр төрт кыз эки уулум бар. Ууларымды айтсам, эң уулусу Жолдош, анын алты баласы бар. Андан кийинки уулум Эсен үч балалуу, эки эркек бир кызы бар. Чөбөрөлөрүм алтымышка жетти. Азыркы жаштардын өмүрлөрү узун болсун, бөөдө кырсык бөөдө кайгыдан сактасын, ден-соолуктары чың болсун, каалаган максаттарына жетишсин, өнсүн-өссүн, мындай жакшы турмушта жашашсын, бактылуу болушсун, өзүлөрү мындан да жакшы тилектерге жетип, карыларды сыйласа аларды да кудай сыйласын. Карылык дөөлөт берсин жаштарга. Балдарым мени жакшы деңгээлде баккан үчүн денибиз сак жакшынакай заманда жашап жатабыз. Аларга дагы карылык дөөлөт берсин, денелери сак болсун. Мына бүгүн өзүбүздүн кызыбыз Эрмекан да районунун белегин алып келиптир. Чоң рахмат, иштерине ийгилик каалайм».

Сатынбүбү Шаменова энебиз

 

100 гө чыккан энелерге белек

 

Гүлназ Жумагулова