"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп району: Карылардын майрамдык маанайы

5 Октябрь 2020 жыл 11:48
Көрүүлөрдүн саны: 123

Түп районунун айылдарындагы 95 жаштан жогорку жаштагы энелерге беш миң сомдон берилди. Кыргыз Республикасы боюнча карыларды колдоо максатында бир айлык жарыяланып Түп районунун акими Бактияр Акимбаевда аймактагы карыларга эки миң сомдон колдоо көрсөтүп куттуктады.

 

Райондук администрациясынын башчысынын орун басары Эрмакан Дюшебаева:

«Карасаев айыл өкмөтүнө караштуу Тасма, Тогузбай, Токтоян айылдарын 95 жаштан ашкан карыларга биш миң сомдон берди губернатор, Түлөбаевдин буйругу менен.
Тасма айылында эки эне бар. Токтоян айылында эки апа. Аларга да беш миң сом. Андан сырткары 100 гө чыккан Бейшекан Тынтаева эки миң сом бердик. Аким тарабынан демөөрчү болуп дагы миң сомдон берилди. Дарика Касымовага, Тасма айылында алтымыш жыл бирге түтүн булатып чоогу өмүр сүргөндүгүнө деп, Асанакун атага Жакшылык энеге акчалай белек берилди. Токсон жаштан токсон беш жашка чейин деп Токтоян Тогузбай айылындагы энелерге берилди».

 

Жетиген Абдыкеримов- Раймамадминистрациясынын экономика бөлүмүнүн кызматкери

Акимдин атынан деп Михайловкага эки үй бүлөгө андан кийин Ысык-Көл айылына эки үй бүлөгө Сары-Булуңдан дагы эки үй- бүлөгө барып куттуктап, белек берип берди.

 

Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева