"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Дилгир» курсу жаңы лидерлерди окутууда

6 Октябрь 2020 жыл 0:27
Көрүүлөрдүн саны: 395

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын «Нур FМ» Жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчысы Аяна Жайлобаева «Дилгир» курсун окуп келип, биринчи тапшырмасынын алкагында жаштарга тренинг өттү.

Окуучулар активдүү катышып, кызыктуу оюндар ойнотулду жана кофе- брейк болду. Тренингдин аягында активдүү катышкан окуучуларга китептерди белекке берди.

Стереотип жөнүндөгү көнүгүү

Тренер Аяна Жайлобаеванын айтуусунда:
«Бул тренинг «Жаштар үчүн жаркын келечек» башкача айтканда «Дилгир» курсунун алкагында өттү. Бул тренинг «Көп түрдүүлүк» жана «Адам укуктары» деген темада болду. Өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу 10 гана адам катышты. Тасма айылынын активисттери катышышты. Саат 12:00 дө башталып 16:00 дө бүттү. Катышуучулар өзүнө көптөгөн нерселерди ала алышты деп ойлойм. Себеп дегенде ар бир көнүгүүлөрдө флипчарт менен ватман, маркер, карточкалар менен иштедик. Карточкалар мисал үчүн ар кандай түстө болгондуктан, алардын да көңүлдөрү көтөрүлүп, түшүнгөнгө оңойураак болду деп ойлойм. Бул тренингден ар кандай маанайларды көтөрүү үчүн таанышуу, саламдашуу үчүн ар кандай оюндар өткөрүлдү.

Окуучулар активдүү катышышты. 7-8-10-11- класстын окуучулары катышышты. 7-8-класстар кичинекей болсо дагы аябай активдүү катышып жатышты. Чоң класстарда активдүү катышышты бирок, кичинекей класстарга абдан баа бердим. Себеби, алар өз оюн айтуудан тартынышкан жок өз оюн толук жеткирип атышты. Бүгүнкү тренингде кофе- брейк болду, бул тренингдин аягында мен өзүм активдүү катышкан окуучуларга китеп белек бердим. Анткени, өзүм ошол китептерди окуп, көптөгөн ийгиликтерге жете алгам ошол себептен алар дагы аз да болсо салымын кошсун деп аларга китеп белек кылдым»,- деп өз оюн билдирди Аяна Жайлобаева.

Тренингде Гүлназ Жумагулова кошумча жакшы сөздөрдү айтты

Нур FM ЖМБнын жетекчиси Гүлназ Жумагулова:

«Бул тренингди убагында мен да өткөргөм «Дилгир 2» Окутуу курсун бүткөм. Бул «Жаштар үчүн жаркын келечек» деген теманын алкагындагы «Дилгир» окутуу курсунда жаштар лидерин даярдаган бирдиктүү билим жана өнөр алуучу комплекс болуп саналат. Кыргызстанда жаштар лидерлеринин өнүгүүсүнө жана коом алдында жарандык жоопкерчиликти түптөөгө мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга максатталган программа. Бул «Дилгир» курсу жаштарга өз ордун табууга абдан жардам берет жана квалификациясын жогорулатууга абдан чоң салым кошот. Бул окууга биздин ыктыярчыбыз «Нур FМ» радиосунун журналисти Аяна Жайлобаева барып окуп, алардын программасынын негизинде, биринчи тренинг өттү ошол тренингди бүгүн Аяна өткөрдү. Мен конок болуп келдим эле абдан кызыктуу болду, окуучулар да кызыгуу менен катышышты десем жаңылышпайм. Ар бир адам өз укуктарын билиш керек. Укуктук маалыматты издей билүү, окуялардын жүрүшүн, эл аралык адам укуктарын коргоо стандарттарынын призмасы аркылуу кароо болуп саналат.»

«Нур FМ» ЖМБнын жетекчиси Гүлназ Жумагулова

Катышуучулар топко бөлүнүп иштеп жаткан учуру

Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектептин 11- классынын окуучусу Айгерим Карыпбекованын айтуусунда:

«Мен атайын Тогузбай айылынан бери Жайлобаева Аянанын тренингине катышуу үчүн келдим. Бул тренингден мен аябагандай жакшы мотивацияларды ала алдым. Мисалы, «Адам укуктары» деген темада өттү. Адам менен адам такыр бирдей болбойт. Мисалы, бир тепкич өйдө же болбосо төмөн болушу мүмкүн андай учурда бир тепкич ойдо турган адам өзүнөн төмөн турган адамды басынтпай алдыга умтултуп өзүң менен алып кетүүгө үйрөндүк. Тренер өз максатына жете алды деп ойлойм. Бардыгын түшүнүктүү жана так түшүндүрүп берди жана ар бир катышуучуларга көңүл бөлүп белектерин тапшырды»,- деп билдирди.

Шайлоо 2020: Эл өлкө тагдырын ойлогон партияны күтөт 

Жибек Мелисова, Аяна Элеманова