"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп районунда кар жаады

7 Октябрь 2020 жыл 22:03
Көрүүлөрдүн саны: 133

6-октябрда Түп районунда эрте кар жаап, кээ бир дыйкандардын эмгеги акталбай калды. Элет жериндегилердин картошка, жашылча жемиштерин казып ала элек учуру эле. Алардын үшүп кеткендигинен улам тургундар, дыйкандар ой- санаага батышууда.

 

Айыл тургуну Айбек Алмабеков: «Бизде кечээ кар жаады. Биз картошка, жашылчалардын баарын казып бүткөнбүз. Кээ бир айыл тургундарынын бүтө электери да бар болуш керек. Алардын картошкалары үшүп кеттиго. Аябай эле суук болду. Ушунча каардан кийин үшүдү да. Алар өзүлөрү эле билбесе. Жаман эле болду дыйкандарга, айыл тургундарына, бизге деле. Эрте эле жаап койду.»

Аты-жөнүн айткысы келбеген айыл тургуну быйыл түшүм аламбы деп сарсанаа:
«Быйыл эрте эле кар жаады. Биз картошкаларды дагы, жашылчаларды дагы каза элек болчубуз. Эми эки үч күндө казабыз буюрса. Үшүдүбү, үшүгөн жокпу билбейм. Эми казганда көрөбүз да. Эрте эле казып албай, деп сарсанаа болдук. Үшүп кетсе эмгектин баары текке кеттиго.»

Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева