"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Пандемия учурундагы ремонт иштер уланууда

16 Октябрь 2020 жыл 22:54
Көрүүлөрдүн саны: 244

Карантинге карабай социалдык объектилерди оңдоп түзөө иштери уланууда. Карасаев айыл өкмөтүндөгү Тасма айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) имараты жана Чоң-Тогузбай айылында Кубанычбек Мамытов мектеби капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө.

Ремонт «Алимус Курулуш» компаниясы тарабынан, Тасма айылынын өздүк салымы менен жана Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, иш жүрүүдө.

Карасаев айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо жетектөөчү адиси Акжолтой Мамиева:

«Карантин учурунда биздин социалдык объектилерди оңдоо түзөө иштери эч кандай токтолгон жок. Мындайча айтканда үзгүлтүккө учурабады. Себеби, биздин жазылган долбоорлор көмүскөдө калбай, өз учурунда оңдоп түзөө иштерин аткарып келүүдөбүз.

Мисалы, Карасаев айыл өкмөтүнө караштуу Мамытов атындагы орто мектепте да, оңдоп түзөө иштери жүрүп атат. Азыр 70 пайызы бүтүп калды. Ал эми Тасмада үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун ҮДТ имаратында оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат. Бул имаратты түзөө иштери Бишкек шаарындагы «Алимус Курулуш» компаниясы тарабынан оңдолуп жатат. Азыр «Алимус Курулуш» компаниясынын бригадасы иштөөдө.

Имараттын азыркы учурда чатыры толугу менен алмашылып бүттү. Ички жасалгасы жана тышкы жасалгасы калды. Сүйлөшүлгөн келишимдин негизинде Тасма айылындагы ҮДТнын имараттын жасалгасы түзүлгөн келишимдин негизинде бүтөт деген ойдомун. Карантин учурунда калктын ден соолугун ойлоп, биринчи орунга ҮДТнын имаратын оңдоого көңүл бурдук. Калктын саламаттыгын сактоо бул биздин биринчи милдет. Ошого аракет кылып, долбоор жазып, долбоорубуз ишке ашып, оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүүдө .

Карасаев айыл өкмөтүнүн социалдык коргоочу жетектөөчү адиси Акжолтой Мамиева

Тасма айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын оңдоп түзөө иштеринде

«Алимус Курулуш» компаниясынын жетекчиси Кубанычбек Табышов:

«Биз Тасма айылынын ҮДТ ны капиталдык ремонттон өткөрүп атабыз. Азыр ичиндеги жыгачтары, өрткө каршы жасалышы калды. Азыр биз сырткы фасадын жасап атабыз. Эски шыбакты түшүрүп, курулушка жараша иштеп атабыз. Азыр канализациясын дагы каздырып даярдап койдук. Ал дагы эки үч күндүн ичинде бүтүп калат. Курулуш материалдардын баары эле жетиштүү. Жумушчулар дагы жетиштүү. Тасма айынын өздүк салымы менен жана Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду аркылуу каржыланып атат. Бардык суммасы 3,5 (млн) сомго тендерден биз утуп алганбыз. Биз биринчи өзүбүздүн каражатыбыз менен алгач ишти баштайбыз. Материалдарын өзүбүздүн акчабыз менен алып келебиз. 50%пайызга материал киргенден кийин анан өкмөттөрдүн өздүк салымы которула баштайт. Иштин 50% пайызын аткаргандан кийин биринчи, экинчи транштары бар.

Андан кийин фонддун акчалары менен андан ары иштейбиз. Быйыл бир эле Карасаев айыл өкмөтүнө эле эмес, башка да жактарга иштеп атабыз. Карантин болгонуна байланыштуу кеч баштап калдык. Жакшы тендерлер бар болчу. Ысык-Көл облусунан социалдык объектилер боюнча үч объект утуп алдык. Жыргалаң айыл өкмөтүнө караштуу Шахтыдагы бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүп атабыз. Экинчиси Барскоон айылында Кененсаров орто мектебин да ремонт кылып атабыз. Азыркы учурда ошолорду жасап атабыз»

«Алимус Курулуш» компаниясынын жетекчиси Кубанычбек Табышов

Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын чатыры толугу менен оңдолуп бүттү

Имараттын сырты жасалып жаткан учур

Тасма айылы: Беткапты туура колдонуңуз!
Гүлназ Жумагулова