"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Жергиликтүү жамааттар- натыйжалуу жергиликтүү бюджеттер» долбоору

20 Октябрь 2020 жыл 9:59
Көрүүлөрдүн саны: 150

«Жергиликтүү жамааттар, жергиликтүү натыйжалуу бюджеттер» деген долбоорунун негизинде Ысык-Көл облусундагы «Аялдар ассоциациясынын» мүчөлөрү журналисттерге бир күндүк семинар өткөрүштү. Семинардын максаты, жергиликтүү бийликтегилерге ачык айкындуулукту жана коррупцияга карышы күрөшүү боюнча пайдалуу ыкмасын көздөйт.


Семинар учурунда

Айнакан Намазова Ысык-Көл облусундагы «Аялдар ассоциациясынын» жетекчиси:

Бул долбоорду мен өзүм иштеп чыккам. Биз ЮСАИДдин «Ийгиликтүү аймак» деген долбоорго катышып, эки жылдан бери окуп жүрөбүз. Ал жаткан көп нерсени түшүндүк, көп нерсени окудук. Өнүгүү пландарды, граждандык бюджет деген эмне, ошонун баарын окуп чыктык. Андан тышкары мониторинг жана баалоо, жергиликтүү кызматты жакшыртуу стратегиясынын баарын окуп чыктык. Ошол себептен бул долбоор пайда болду. ЮСАИД Ийгиликтүү аймактын материалдарын колдонуп, ошонун негизинде бул тренингди өткөрүп атабыз. Долбоор жергиликтүү бийликтегилерге жана элге жалпы маалымат берүү, максатын көздөйт. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнө маалымат болуп саналат.

Айнакан Намазова Ысык-Көл облусундагы «Аялдар ассоциациясынын» жетекчиси

Айнура Өмүрканова «Ысык-Көл облусундагы «Аялдар ассоциациясынын» мүчөсү:

«Ар бир айыл аймактын социалдык экономикалык өнүктүрүү планы бар. Бул план «Социалдык экономикалык өнүктүрүү» программасынын негизинде түзүлөт. Бул программа атайын экономика министрлигинин жана ГАМСУМОнун чечими менен ишке ашып жатат. Бүгүнкү күндө ПСР Программа жергиликтүү бюджет менен дал келиши керек.

Андан сырткары, жергиликтүү бюджетте гендердик сезимталдуулук деген түшүнүк бар. Же болбосо гендердик бюджет. Гендер деген сөздү укканда эле көпчүлүктөр аялдарга гана багытташат. Бирок бул гендер аялдар гана эмес коомдогу жашап жаткан ар кандай категориядагы адамдардын тобу. Ага эркектер да кирет. Жашы боюнча картайган адамдар, жаш балдар жана ден соолугунан майып адамдар. Ошол калктын катмарындагы аз камсыз турмуш шарты оор үй бүлөлөр кирет.

Ар бир аймактагы жергиликтүү бюджет кабыл алынууда жана ишке ашырылууда. Мына ошол гендердик көйгөйлөр сөзсүз чечилиши керек. Гендердик бюджет дегендин түшүндүрмөсү ушунда».

Айнура Өмүрканова Ысык-Көл облусунун «Аялдар ассоциациясынын» мүчөсү

 

Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева