"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү эскертет

20 Октябрь 2020 жыл 23:16
Көрүүлөрдүн саны: 305

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери, коронавирустун жаңы толкунунун бир себеби – санитардык талаптардын, беткап режиминин жана социалдык аралыктын сакталбагандыгы деп эсептешет. Ооруган адам дагы, дени сак адам дагы беткап режимин, социалдык аралыкты сактоосу жана башка санитардык талаптарды аткаруусу зарыл.

Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицери, лейтенант Мирболот Садабаев 

Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицери, лейтенант Мирболот Садабаев билдирет:

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери, коронавирустун жаңы толкунунун бир себеби – санитардык талаптардын, беткап режиминин жана социалдык аралыктын сакталбагандыгы деп эсептешет.

Ошондой эле, 80% адамга вирустун жугуу булагы болуп, вирус жуктургандардын 10 – 20%ы эсептелет. Андыктан, ооруган адам дагы, дени сак адам дагы беткап режимин, социалдык аралыкты сактоосу жана башка санитардык талаптарды аткаруусу зарыл. Жарандар беткапты жабык имараттарда жана таза абада да тагынып жүрүүгө милдеттүү.”

Митингде адамдар санитардык эрежелерди сактоону унутушту

Дагы бир маселе, Бишкекте өткөн митинг учурунда, өлкөнүн ар кайсы тарабынан адамдар агылып келип жатты. Кээ бир маалыматтарга караганда 10 миңге жакын адам чогулган. Алар ошол учурда эпидемиологиялык абалды унутуп коюшкан. Дал ошол жерден вирустун жугуу ыктымалдыгы жогору болду.

Эми митинг бүтүп, ошол митингдин катышуучулары өз жашаган жерине кайтышты. Демек вирустун жайылуу, таралуу ыктымалдыгы сөзсүз түрдө жогорулады десек болот. Ал эми калың элдин көңүлү алдыдагы шайлоого бурулуп, коронавирус илдетинин кесепеттерин унутуп калышкандай. Аштар өтүп жатат, тойлор болуп жатат. Саламаттык сактоо министрлиги эскерткендей, беткапты сөзсүз тагынуу, үйлөрдү жугушсуздандыруу, антисептикалык каражаттарды дайым колдонуу, эл көп топтолгон жайларда социалдык аралыкты сактоо, оорунун белгилери пайда болгондо сөзсүз түрдө ооруканаларга кайрылуу керек.

Вирус бар. Жарандар июнь айында вирус жок деп карантин эрежелерин сактабай баштап, тилекке каршы вирус көп жарандардын өмүрүн алып кетти. Эми күн сууктаган сайын, оору күчөшү толук мүмкүн. Саламаттык сактоо министрлиги милдеттүү түрдө калкка гриппке каршы эмдөө жүргүзүшү керек».

Санитардык эрежелерди туура, толук сактаңыздар

 

Гүлназ Жумагулова