"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Элет жериндеги балдардын саламаттыгы маалыматтын жеткиликтүүлүгүнөн көз каранды болууда

27 Октябрь 2020 жыл 17:02
Көрүүлөрдүн саны: 128

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылында балдардын коронавирус илдети менен катталган учуру болгон жок. Бирок ата-энелер, медицина кызматкерлери жана мугалимдер тарабынан балдарга кам көрүү боюнча маалыматтар жана эскертүүлөр берилүүдө. Аймакта 1- класстын окуучулары бир ай салттуу режимде билим алып жаткан учурунда ооруп калган окуучулар болбогонун мугалимдер белгилешет.

Чоң-Тогузбай айылынын үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун адиси Дианара Торгоева

Кичинекей балдардын салмагын көзөмөлдөө

Чоң-Тогузбай айылынын үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун адиси Дианара Торгоева калк арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатканын айтты:

«Азыркы учурда мен медицина тармагында иштеп жүргөнүмө 22 жылдан ашык эмгегим бар. Учурда айылдын абалы орточо деңгээлде десем болот. Бирок айыл тургундары оорудан кандай сактануу керек экендигин жакшы түшүнүшөт. Себеби, биз көчөлөрдү кыдырып, ар бир түтүнгө, кичинекей жана жаш балдарга, чоңдорго айтып түшүндүрмө иштерин жүргүзгөнбүз.

Элибиз азыр телевизордон жана интернеттен сактануунун жолдорун көрүшүп, өздөрүн жакшы коргой алышат. Пандемиянын экинчи толкуну бизде сезилип турат. Себеби экиден, бирден адамдар ооруп, ооруканага жаткырып жатабыз. Кээ бирлери үйлөрүнөн дарыланышып, өзүбүз барып текшерип кетебиз. Эгерде температурасы көтөрүлүп же оорунун белгилери байкалса, райондон тез жардам чакырабыз. Алар келип анализ алып аныктайт жана дарыгерибиз ооруга жараша дарыларды жазып берет. Биз ошонун негизинде ооругандарга жеңил дарылоо кылабыз.

Азыркы учурда жаш балдардын оорусу бизде каттала элек. Анткени, ата-энелер балдарына жакшы кам көрүшүп, гигиеналык эрежелерди туура сакташууда. Биз дагы ар бир ата-энелерге түшүндүрмө иштерин жүргүзүп, маалыматтарды тез-тез жеткизип турабыз. Ошондуктан, баары туура кабыл алышып, эрежени туура сактап, балдарынын саламаттыгына мыкты кам көрүшөт. Өзгөчө биз жаш балдары бар энелерге жогоруда айтылгандай маалыматтарды жана түшүндүрмө иштерин жүргүзөбүз.»

Боюнда бар аялдарды кабыл алуу

1-класстын мугалими Элзат Эсенгелдиева окуучулар салттуу түрдө билим алуу учурунда бардык сактануу каражаттары менен камсыз болгонун билдирди:

«1-класстар сентябрдан баштап, октябрдын бешине чейин мектептен салттуу түрдө билим алышты. 1 ай ичинде бир да окуучу грипп болуп ооруган жок. Бирок ошого карабастан ата-энелердин, айыл өкмөттүн жардамы менен окуучулардын оорудан сактануу максатында бардык каражаттардын баарын алып беришти. Кол жуугуч бар. Эшиктен келгенде колдорун жууп турушат. Салфетка, антисептик, хлорлордун баарын алып келип берип, каржылап беришти. Тазалыкты сактап жатышты. Бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Окуучуларга дагы эрежелерди, тазалыкты сактоо боюнча тарбиялык сааттарды өткөнбүз».

1-класстын класс жетекчиси Элзат Эсенгелдиева

Учурда аймактагы жаш балдардын саламаттыгы кандай?
Гүлназ Жумагулова, Аяна Элеманова