"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Элдин үнү: Элеттиктерге пандемия кандай таасир тийгизди?

28 Октябрь 2020 жыл 21:24
Көрүүлөрдүн саны: 127

Түп районундагы Тасма айылынын тургундары пандемия адамдардын жашоосуна кандай таасирин тийгизгендиги тууралуу ой бөлүштү. Бири терс таасир тийгизди дешсе, экинчилери пайдасы да болду дешет.

Айыл тургуну Максат Касымов

Айыл тургуну Максат Касымов:

«Пандемия убагы жалпы элге коркунуч жаратты. Карантин убагында эрежелерди сактап, коргонуп жаттык. Айылда эле эмес жайлоодо дагы эрежелер так сакталып, эс алууга элдер көп деле келишкен жок.

Бул оору келгенде адамдарда өкмөт жана медицина тарабынан кандай жардам болот деген ойлор болду. Өзүмдүн үй- бүлөмдө деле эл катары санитардык эрежелерди сактап, коргондук. Ушундай абалдан кийин адам баласында деле өзгөрүү болот экен. Мисалы, мыйзамга баш ийдик, медициналык кызматкерлердин айтуусу менен болдук жана соц тармактарынан келген эрежелерди бекем кармадык.»

Айыл тургуну Жылдыз Кадырова:

«Айылда пандемия көп деле билинген жок деп ойлойм. Шаар жакта оору көбүрөөк болгондуктан, тартип күчтүү болду. Бирок айылда эрежени сактап, элдер өздөрүн-өздөрү коргоп жатышты. Кээ бир адамдар бул оору менен ооруп күрөшүштү. Кээ бирлери медицинанын жардамы менен айыгышты. Менин үй- бүлөмө бул оору билинген жок. Анткени өзүбүз коргонуп жаттык.»

Карантин жаңы башталганда адамдар эрежени катуу сактап, таасир алып жатышкан. Азыркы учурда таасир албай да калышты.

Айыл тургуну Завира Атантаева:

«Карантин бизге көбүбүзгө жакшы жагынан да, жаман жагынан да таасирин берди. Кээ бирлери карантинде онлайн түрдө акча табышты, китеп окушту, кээ бирлери үйүндө үй- бүлөсү менен болушту, кээ бири ишкердик менен алектеништи. Жакшы жактарынан ушул нерселерди карасак болот. Жаман жагынан айрым адамдарды стресске, депрессияга кабылтты.

Асан Сопиев мектебинин 7-классынын окуучусу Темирова Нуриза

Асан Сопиев мектебинин 7-классынын окуучусу Нуриза Темирова:

«Пандемия мага терс таасирин тийгизди десем болот. Анан дагы корктум. Мектепке барган жокмун, сабактар онлайн түрүндө өтүлдү. Карантинде абалга байланыштуу үй- бүлөм менен үйдө болдум. Пандемия бардык адамдарга деле терс таасирин тийгизди болуш керек. Анткени вирус менен көп адамдар оорушту. Шаарларга мурдагыдай көп барган жокпуз, өзүбүздү-өзүбүз сактап үйдө болдук. Кааларым бул оору тезирээк кетип, карантин токтосо экен».

 

Гүлназ Жумагулова, Сезим Темирова